景点二维码乞讨还有POS机 职业乞丐专盯外籍游客要钱!
Абхазия, Абхазия Республикасы (абх. А?сны А??ын??арра) — Т?шт?к Кавказдагы жарым-жартылай таанылган, к?пч?л?к ?лк?л?р Грузиянын курамына кирген, бул аймакты Абхазия Автоном Республикасы деп эсептейт. Кара Де?издин чыгыш жээгинде, Грузиянын т?нд?к-батышында Чо? Кауказ тоолорунун т?шт?г?нд? жайгашкан. Калып:Таанылбаган мамлекет Абхазиянын курамында 5 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Калкынын к?пч?л?к б?л?г?н абхаздар т?з?т, ошондой эле армян, орус жана башка улут ?к?лд?р? да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухуми, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу б?л?г?н Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Т?шт?к-батышын Кара де?из чулгайт. Т?шт?к-чыгышында Колхида ойду?унун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойду?дарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мел??н жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4-7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22-24°С жана 16-18°С. Жылдык жаан-чачыны [[1]] мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. К?л? Рица. Ойду?дары жана адырлары к?л, кызыл, сары, тоолору к?р??, чымк??д?? шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, де?из жээктеринде субтропиктик ?с?мд?кт?р ?с?т. Рица, Пицунда Мюссерск коруктары уюшулган[1].
Тарых
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Абхазиянын аймагына адамдар т?м?нк? палеолит доорунда отурукташа баштаган. Биздин заманга чейин 1-ми? жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген к?пт?г?н уруулар ж?н?нд?г? алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон жана башка) эскериле баштайт. Биздин заманга чейин 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары Диоскурия (азыркы Сухум), Питиунт жана башкалар пайда болгон. Биздин заманга чейин 2-кдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, биздин заманга чейин 65-жылдан римдиктердин к?з?м?л?н? ?т?п, Себастопол (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Биздин заманга чейин 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликт?? апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чирк??л?р курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан б?тк?л Батыш Кавказ Византиянын к?з?м?л?н? ?тк?н.

8-кылымдын 80-жылында Абхазиянын башкаруучусу Леон II ?лк?н? Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт.

10-кылымдын аягы 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия ?залдынча княздык болуп б?л?н?п чыккан, бирок к?п узабай т?ркт?р тарабынан каратылат. Сухумкале чеби т?ркт?рд?н Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17-18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган со? ислам динин таратуу аракеттери к?ч алган. 18-19-кылымдын башында жергиликт?? элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы к?т?р?л?шк? чыккан. 1810-ж. Абхазия Россияга каратылган. 1862-ж. абхаз алфавити т?з?лг?н. 1864-жылдан Абхазия т?зд?н-т?з россиялык башкарууга ?т?п, княздык ?Сухумилик аскер б?л?м?н?? айландырылган. 1921-ж. 4-мартта совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин т?з?лг?нд?г? жарыяланат. 1922-ж. Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-ж. 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-ж. башталган грузин-абхаз чатагы 1992-94-ж. согуштук аракеттерге алып келген. 1994-ж. Абхазияга КМШ ?лк?л?р?н?н тынчтыкты орнотуу к?чт?р?, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, б?г?нк? к?нг? чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери ж?нг? салынбастан калып келет.
Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башка), же?ил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме ?нд?р?ш?), жыгаччылык, машине куруу ?н?ржайы, курулуш материалдар ?нд?р?ш? бар. Таш к?м?р казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухуми ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир-май ?с?мд?кт?р?, тунг, м?м?-жемиш ?ст?р?л?т. Ж?з?мч?л?к ?н?кк?н. Ж?г?р? айдалат. Башкы порту Сухуми. Курорттору: Сухуми, Гагра, Пицунда, Жа?ы Афон, Гудаута.
Колдонулган адабияттар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов ?. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Азия ?лк?л?р? | ||
---|---|---|
Эгеменд?? мамлекеттер | Азербайжан1 ? Армения ? Бангладеш ? Бахрейн ? Бириккен Араб Эмирликтери ? Бруней ? Бутан ? Вьетнам ? Грузия1 ? Жапония ? Израиль ? Индия ? Индонезия3 ? Иордания ? Ирак ? Иран ? Йемен2 ? Казакстан1 ? Камбожа ? Катар ? Кипр1 ? Кыргызстан ? Кытай ? Корей Эл-Демократиялык Республикасы ? Т?шт?к Корея ? Кувейт ? Лаос ? Ливан ? Малайзия ? Мальдив ? Мисир2 ? Мо?голия ? Мьянма ? Непал ? Оман ? Ооганстан ? Орусия4 ? ?збекстан ? Пакистан ? Сауд Арабиясы ? Сингапур ? Сирия ? Тажикстан ? Тайланд ? Т?ркм?нстан ? Т?ркия4 ? Филиппин ? Чыгыш Тимор ? Шри-Ланка | ![]() |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия ? Т?шт?к К?рдстан ? Палестина ? Тайвань ? Т?нд?к Кипр ? Т?шт?к Осетия | |
К?з каранды аймактар | Акротири жана Декелия ? Гонконг ? Макао | |
1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын ?т?ш?н? байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. |
Постсоветтик мейкиндик | |
---|---|
БУУ м?ч?л?р? |
![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() ![]() |
Жарым-жартылай таанылган мамлекеттер |
![]() ![]() |
Таанылбаган мамлекеттер |
![]() |
Жоюлган, жарым-жартылай таанылган мамлекеттер |
![]() ![]() ![]() |
Жоюлган, таанылбаган мамлекеттер |
![]() ![]() ![]() |
Жоюлган, таанылбаган автономиялар |
![]() ![]() ![]() ![]() |
Эл аралык уюмдар |
![]() ![]() ![]() ![]() |